"Ош шаарындагы турак үйлөрүнүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды" деген жалган маалымат берген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"23-мартта 1973-жылы туулган Э.М. аттуу Кыргыз жараны кармалды. Ал Ош шаарындагы турак үйлөрүнүн биринде жашаган адамдар коронавирус жуктуруп алды деген жалган маалымат берген. Медициналык кызматкерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгында коронавирус жуктургандар аныкталган эмес. Э.М. менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады", - деп жазылат маалыматта.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы коронавирустун таралышы боюнча жалган маалыматтарды, ушактарды тараткан тараптарды аныктап, табуу, ошондой эле коомдук-саясий жана эпидемиологиялык абалды туруктуу сактоо боюнча тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү улантууда. Мекемеден жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартыла турганын эскертишти.