Баткен облусунда жер титиреди

Бүгүн Баткен облусунда жер титиреди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-март күнү саат 10:44тө Тажикстан менен Өзбекстан чектешкен аймактын очогунда күчү 5 жарым баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Баткен облусунун Баткен шаарында жана Баткен районунун Кара-Бак, Чек, Жаңы-Жер, Кызыл-Жол, Сары-Өтүк айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан