Өзгөчө абал тартиби учурунда бир катар ишмердүүлүктөрдү жүргүзсө болот. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти. Ага ылайык:
- Азык-түлүк продукциясы, табигый бойдон, ошондой эле кайра иштетилген, таӊгакталган жана башка абалда;
- Дары-дармек каражаттары жана тийиштүү буюм-тайымдар – бет каптар, халаттар;
- Күйүчү-майлоочу материалдар жана баллондор;
- Турак жай-коммуналдык чарба боюнча бардык кызматтардын түрлөрү;
- Менчик кайтаруу уюмдары;
- Айрым бажы уюмдары;
- Коммуникация чөйрөлөрү – ТВ, радио, уюлдук тармак, интернет кызматтары, ошондой эле техникалык тейлөө;
- Бардык медициналык мекемелердин, коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү.
Бирок микрокредиттик компаниялар жана акча алмаштыруу жайлары, камсыздандыруу компаниялары менен күрөөканалар иштебейт.