Иранда 26-март саат 23:00гө алынган маалымат боюнча, коронавирус менен ооругандардын саны 29 миң 406га жетип, 2 миң 234 жаран каза болду. Муну менен сутка ичинде 157 жабырлануучу каза болду. Ал эми 10 миң 457 адам айыкты.
Дүйнө жүзү боюнча коронавируска 510 миң 108 адам чалдыгып, 22 миң 993 адам каза болду. 120 миң 983 адам айыкты.