Коронавирус пандемиясынан улам Бишкек шаарына жарыяланган өзгөчө абал режимине байланыштуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматтык автобусу медицина жана милиция кызматкерлерин ташый баштайт.
"27-марттан тартып Бишкек шаарында «Кыргыз темир жолу» ишканасынын кызматкерлери үчүн ишкананын кызматтык автобусу каттай баштайт. Аталган автобустун кызматынан Бишкек шаарынын медициналык кызматкерлери жана укук коргоо кызматкерлери пайдалана алышат. Бул үчүн кызматтык күбөлүк талап кылынат", - деп жазылат маалыматта.