28-мартка карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 104кө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматына таянып, жазып чыгышты.
Акыркы маалыматтарга ылайык, Өзбекстанда коронавирус илдети менен жабыркагандардын саны 16га көбөйгөн. Ага байланыштуу бүгүн, 28-мартка карата өлкөдө 104 адам вирус жуктурганы аныкталган.
Жаңы вирус менен катталгандардын басымдуу бөлүгү чет өлкөдөн учуп келген. Алар 26-март күнү Москвадан чартердик каттам менен Ташкентке учуп келип, карантинге алынган 6 жаран, Стамбул-Ташкент каттамы менен учуп келген 7 жаран жана алар менен байланышта болгон 3 жаран. Ошондой эле бир эркек вирустан каза болгону айтылат.
Эске салсак, 27-март күнү Өзбекстанда коронавирус илдетин жуктурган алгачкы жаран каза болгону жазылган.