Бүгүн, 29-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Министрликтин өкүлү Кыргыз өлкөсүндө дагы 26 адамдан коронавирус аныкталганын билдирди. Өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын саны 84кө жетти.
Бүгүн коронавирус жуктуруп алганы аныкталгандар:
Чүй облусунан – 2 тургун
Бишкек шаарынан - 4 тургун
Нарын шаарынан – 1 тургун
Ош облусунан – 6 тургун
Жалал-Абад облусу – 13 тургун.
Булардын бардыгы обсервацияга алынды, врачтардын көзөмөлүндө болуп жатышат.