Белгилүү кытайлык ишкер Жек Манын "Alibaba" фонду Кыргыз өлкөсү, Казакстан, Өзбекстан жана дагы башка 4 өлкөгө медициналык каражат иретинде жардам берет. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашууда.
Аталган фонд Кыргыз мамлекетине, Казакстан, Өзбекстан, Бутан, Индия, Азербайжан жана Вьетнам өлкөлөрүнө жардам жөнөтөт. Анда ар бир өлкө 1 миллион 700 миң медициналык бет кап, тест-систем, ошондой эле коргоочу кийим жана медициналык жабдыктар, анын ичинде желдеткичтер жана термометр алышат. Гуманитардык жүк жакынкы күндөрү аталган 7 өлкөгө жеткириле турганы күтүлүп жатканы айтылат маалыматта.