Голландиялык дарыгерлер улгайган адамдарга чалып, эгерде алар коронавирусту жуктуруп алса, үйүндө көз жумганга макулбу деген суроо узатышууда. Алар өз суроосун алардын бейтапканадагы ордун айыгып кетүүгө, алардыкына караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүгү бар, жаш бейтап ээлей алары менен түшүндүрүшүүдө.
Маалыматка ылайык, Голландиянын Саламаттыкты сактоо системинде мындай суроолор бетме-бет отуруп чечилет. Бирок азыркы абалда ал мүмкүн эмес.
Амстердам университетиндеги улгайган адамдарга жардам берүү медициналык борборунун профессору Бьянка Буурман:
"Мындай оор маселелерде ачык болуу керек. Дарыгерлер улгайган адамдардын каалоолорун, алар коронавирусту жуктуруп алганга чейин билиши зарыл. Айрымдарга бул ташбоордук болуп көрүнүшү мүмкүн, бирок бул азыркы болуп жаткан абалга реалдуу көз караш", - деп билдирген Буурман.