Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында коронавирус жуктуруп алып, дарыланып жаткан 2 бейтап бүгүн ооруканадан чыгарылды. Маалыматты өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Ага ылайык, үйүнө чыгарылган бейтаптар эки апта дарыланышкан. Кайталанып алынган анализдин жыйынтыгында аталган жарандардан коронавирус табылган эмес.
"Рентгендин жыйынтыгы да канааттандырарлык экенин башкы дарыгер тастыктады. Адистердин билдиришинче, бул жарандарга үй шартында эч кандай чектөөлөр жок. Өкмөттүн облустагы өкүлү Нурболот Мирзахмедов бейтаптардын абалы менен таанышып, керектүү бет каптарды тапшырды. Бейтап тамак-аш, керектүү дары-дармек жана санитардык-гигиеналык каражаттар менен толук камсыз болгонун айтышып, тиешелүү адистерге ыраазычылыктарын билдиришти", - деп жазылат маалыматта.