Ысык-Көлдө биринчи жолу коронавирус катталды. Аталган облустун 2 тургуну илдетти жуктуруп алган

Бүгүн, 31-март күнү өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов жыйын өткөрдү. Анда коронавирус жуктурган 13 жарандын кайсы аймактан экендиги тууралуу маалымат берди. Алар:

Бишкек шаары – 1;

Нарын облусу – 3;

Ысык-Көл облусу – 2;

Чүй облусу – 1;

Ош облусу – 5;

Жалал-Абад облусу – 1.

Бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. Коронавирус аныкталган бейтаптардын 58и аял, 49у эркек, алардын ичинен экөө 1 жашка чейинки наристелер, 15и өспүрүмдөр жана 31и улгайган адамдар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Samina007
2020-03-31 12:32:34
Точно кайсы айылдан кайсы райондон экенин жазсаңар жакшы болот эле. Ошого карап элдер да карайт өз айыл райондорун
+11
AksyKum
2020-03-31 13:48:54
Коронавирус опкону жабыркатат дейтго ошого Таласка жукпайтат окшойт а.Ылайым эле жукпасын.Аллахым баарына шыпаа берсин
+12
nurali1989
2020-03-31 12:37:01
Кайсы аймактан екенин айтып койсонор. Ооруну жашырсан олум ашкере болот дегендей, бизде мурдагыдай эле журушот кочодо. Банк менен аптека очурут, эч кандай дистанция сакталып жаткан жери жок
+17
jigit.paren
2020-03-31 12:42:18
Бул боюнча кечээ бизде Көлдө экөө чыгыптыр деп жатышты эле, бирөө Түптүн өзүнөн бирөө Санташтан.
+5
pero5184
2020-03-31 12:42:57
Кайсы район экенин ачык айткыла .Аты фамилясын айтбасаңар да .Элдер жакшылап сактанып калышат
+10
zhykyo
2020-03-31 12:53:14
Каап
+5
Isikkolumkeremet
2020-03-31 13:00:21
Туптон санташтан
+5
akmanai
2020-03-31 13:15:48
Ысык Колдун Туп районундагы Санташ айылынан деп мектеп дректору жиберип жатат группаларга(
+2
GUL2016
2020-03-31 13:27:11
Туура жазып атышат даректерин тактап айтуу керек.Биз кичинекей эле мамлекетпизго. Кудай сактасын жуктургандар кобойуп жатат.
+4
tyrgon
2020-03-31 14:02:47
Көлдүктөр көчөдө эле жүрүшөт түптөн деген чын окшойт да
+3
akmanai
2020-03-31 14:18:48
Оа жакында эле киришти уйлоруно. Анда да айла жок айыл башчы уйлоруно кууп киргизип эле кирип отуруп калышты. Тункусу коноко келип атышат дагы эле(
+4
tyrgon
2020-03-31 15:07:32
31 мартта 107 деп берип жатышат но на самом деле андан көп кантакты болгондор барда миндеп саналат оруу жугузгандар
+5
zamir_kgz
2020-04-01 00:43:02
Кайсы аймактан экенин айтпагыла,айтсанар башка аймакка качып кетишет да анан кайтып уйлоруно кире албай журо беришет. Бизде да Сузак Благовещенкодон качкандар кайтып уйлоруно келеалбай жатышат.
+1
Store
2020-04-01 05:40:06
Буларга кайдан жукту? Ошонусу кызык болуп жатат, же жөн эле паникабы?!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан