Текебаев өкмөт коронавируска каршы күрөшүү боюнча иштерди ачык жүргүзүшү керектигин айтты

Саясатчы Өмүрбек Текебаев коронавируска каршы күрөшүүнүн негизги компоненттеринин бири бул ачыктык экенин айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Өкмөт жасалма дем алдыруучу аппараттарын тез аранын ичинде алып келиши керек. Өкмөттүн планы, тилекке каршы, бизге белгисиз. Өкмөткө караганда жеке кайрымдуулук фонддор ачык-айкын иштеп жатат. Баарыбыз сындап жүргөн Матраимовдордун фонду 30 миң тест, 10 жасалма дем алдыруучу аппаратын алып келүүгө буюрутма бергенин билебиз. Өкмөттүн кандай планы бар, эмнеге буюрутма бергенин, тилекке каршы, биз бүгүн билбейбиз. Коронавируска каршы күрөшүүнүн негизги компоненттеринин бири бул ачыктык. Жарандарга бардык жасалып жаткан иштер боюнча маалыматтарды өз убагында жеткирип туруу зарыл", - дейт Текебаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан