реклама
super.kg logo

MegaCom республикабыздын мугалимдерин акысыз байланыш жана интернет менен камсыздайт

 

"Билим — XXI кылымдын мыкты валютасы". (В.В. Путин).

Өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаал, албетте, окуу процессине да кедергисин тийгизиши толук мүмкүн. Социалдык жооптуу ишкана катары MegaCom компаниясы бул жагдайды көз жаздымда калтырбай келет. Окуу процессин үзгүлтүккө учуратпоо максатында Кыргыз Республикасынын орто билим берүү мекемелеринин окутуучулар курамына колдоо көрсөтүү жана аралыктан онлайн-окутууну иш жүзүнө ашыруу үчүн MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов тарабынан аларды АКЫСЫЗ байланыш жана интернет менен камсыздоо чечими кабыл алынды. Мугалимдердин АР ДАЙЫМ байланышта болуусун камсыздаган жана аларга бир катар жеңилдиктерди түзүп бере турган УНИКАЛДУУ ШАРТТАР иштелип чыкты!

Урматтуу мугалимдер, окуучулар жана ата-энелер!

2020-жылдын 8-апрелинен тарта төртүнчү чейректин программасын окутуу дистанттык форматта жүргүзүлөт. Аралыктан билим берүү төмөндөгүдөй жолдор ишке ашырылат:

• 1-класстан 4-класска чейин: «Баластан» (КТРК) телеканалындагы видео сабактар боюнча;

• 5-класстан 11 -класска чейин: «Санат», «Пирамида», «5- канал», «Билим жана Илим» (ЭлТР) телеканалдарындагы видео сабактар боюнча;

• КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин oku.edu.gov.kg жаңы окуу порталы аркылуу;

MEGA24 тиркемеси аркылуу GooglePlay жана AppStore аркылуу жүктөп алуу жеткиликтүү.

MegaCom компаниясы КРдин Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган мугалимдер менен тыгыз иш алып барууда. Азыркы учурда төртүнчү чейректин программасы боюнча видео контент тартылып жатат жана даяр болгон материал аталган министрликтин интернет-порталдарында, жана MEGA24 тиркемесинде жайгаштырылмакчы.

MEGA24 тиркемесиндеги окутуу боюнча материалдарды нөлдүк баланс абалында да колдонууга болот!

Акысыз интернет-сайттардын тизмеси (толукталып турат): oku.edu.gov.kg, lib.kg, kitep.edu.gov.kg, okuma.kg, moodle.inai.kg, ibilim.kg.

MegaCom мобилдик оператору тарабынан, аралыктан окутууну колдоо максатында, мекенибиздин жалпы аймагы боюнча орто билим берүү мекемелеринин мугалимдерине акысыз SIM-карталар бериле баштады.

Тарифке кантип кошулууга болот?

Мектеп директорлорунун сурамы боюнча «Мугалим 150» атайын акциялык тарифин 60 күнгө кошууга табыштаманы тариздөө үчүн мугалимдердин тизмеси түзүлөт. Буга чейин MegaCom байланыш кызматтарын колдонуп келген абоненттердин ( мугалимдердин ) номерлерине (тизмеде көрсөтүлгөн) акысыз тариф аралыктан кошулат. Кимде MegaCom түйүнүнүн номери жок болсо, ага эки айлык мөөнөткө акысыз байланышы жана мобилдик интернети менен акысыз SIM-карталар берилет.

Республикабыздын мугалимдерин жана мектеп окуучуларын MegaCom байланышына кошууда «Мугалим» кошумча топтому да каралган:

• Интернет-трафиктин көлөмү – 60 Гб;

• Түйүн ичинде чыккан чалуулар – акысыз;

• Түйүндөн тышкары чыккан чалуулар – акысыз;

• Акысыз жеткиликтүү алуу: WhatsApp, КРдин билим берүү мүнөзүндөгү бардык ресурстары, MEGA24 тиркемеси;

• Топтомдун аракет мөөнөтү – 60 күн.

Акциялык тарифти жана акысыз топтомду колдонуу шарттары тууралуу маалымат алуу үчүн төмөндөгү номерлерге чалууга болот:

• Бишкек ш. − 0555 905 501;

• Баткен обл. − 0555 505 016;

• Жалал-Абад обл. − 0555 505 303;

• Ысык-Көл обл. − 0555 505 767;

• Нарын обл. − 0555 505 092;

• Ош обл. − 0555 905 568;

• Талас обл. − 0555 505 079;

• Чүй обл. (Аламүдүн, Ысык-Ата, Чүй, Кемин райондору) −0555 905 080;

• Чүй обл. (Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук райондору) − 0555 505 610.

Маанилүү!

«Аралыктан билим берүү» долбоорунун алкагында түйүнгө кошулган абоненттер 2020 -жылдын күз айларында − жаңы окуу жылы башталганда уюлдук оператордун «Санарип мектеп» долбоорунун «Электрондук журнал» жана «Электрондук күндөлүк» системаларына кошулат.


кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
31.03.2020. 17:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
206
Катталган:
20-11-2010
Соӊку аракети:
28-05-2020 06:51
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Жалал-Абад
+4
Студенттер менен предоавателдергечи
31.03.2020. 20:18 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
09-12-2014
Соӊку аракети:
14-05-2020 21:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+5
Мугалимдер айлык алат а айлык албаган окуучуларчы?
31.03.2020. 22:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
28-05-2020 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+3
Студенттер,окуучулар эмне болот?!
31.03.2020. 22:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
28-05-2020 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+2
1айга баарына Бекер интернет берсе да сонун болмок.
31.03.2020. 22:43 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
28-03-2020
Соӊку аракети:
01-04-2020 18:02
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул жагы туура болбой калыптыр окуучулар интернети жок отурса мугалимдер бири бирине сабак өтөбү андан көрө медиктерге беришсе болмок
31.03.2020. 22:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
28-05-2020 00:03
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurgazy12, медиктерге берилген баарына
01.04.2020. 13:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
117
Катталган:
20-04-2014
Соӊку аракети:
18-05-2020 10:35
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кечинде не болду Мегаком вообще иштебей койдунарго?!
02.04.2020. 02:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
14-11-2013
Соӊку аракети:
28-05-2020 04:15
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкекстан
0
tavanova.sarah,булар ошондой, бугунда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144545;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: