Жогорку Кеңештин комитетинде социалдык-экономикалык терс кесепеттерди азайтуу боюнча токтом долбоорун жактырды

Бүгүн, 31-мартта Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезексиз жыйыны өттү.

Анда коронавирустун жайылышына байланыштуу терс социалдык-экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча чаралар жөнүндө токтом долбоору каралды.

Тармактык комитеттин төрагасы Салайдин Айдаров аталган токтом долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттарынан түшкөн бир катар сунуштар камтылганын белгиледи.

Депутаттар бир жылдык мөөнөткө кичи жана орто бизнес ишмердүүлүгүн текшерүүгө мораторий киргизүүнү сунушташты. Ошондой эле каатчылык маалында банк системин коргоо боюнча программа иштеп чыгууну, айрым маанилүү делген товарларды жана медициналык дары-дармек каражаттарын чыгарып кетүүгө тыюу салууну, коронавируска каршы күрөшүү үчүн мамлекеттик резервдик фонд түзүүнү жана башка сунуштарды киргизишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан