Депутат Улугбек Ормонов дарыканаларда бет кап жок болуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Бет капсыз жүргөндөргө айып пул салабыз деп жатасыздар. Дарыканаларда бет кап жок. Биринчи ошол маселени чечип албайсыңарбы. Дарыканаларга бет кап бергиле", - дейт депутат.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралып жатат.