Филиппиндин президенти Родриго Дутерте полиция кызматы менен аскерлерге коронавирус жуктурган адамдар карантин эрежелерин бузса же алардын ишине тоскоолдук жаратса, атып салуу керектигин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Президент Дутерте жергиликтүү телевидениеден калкына кайрылуу жасап, коронавируска шек жаралып, карантинге жөнөтүлгөн жарандар боюнча "менин полиция менен аскерлерге буйругум, эгер коронавирус жуктургандар силерге тоскоолдук жаратып, ден соолугуңарга коркунуч жаратса, өлтүрө аткыла. Түшүндүңөрбү? Өлтүрө аткыла!" - деген.
Кийинчерээк президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы элдин көңүлүн бурдуруу үчүн гиперболаны колдонуп, ашыкча айтканын билдиришкен. Ал эми Улуттук полициянын жетекчиси президентти актоого аракет кылып, "ал коомдук тартиптин олуттуу, маанилүү экендигин билдиргиси келди" деген. Ошондой эле куралдуу күчтөрдүн эч кимди ата турган ою жоктугун кошумчалаган.
Акыркы маалыматтарга караганда, Филиппинде 2 300 адам коронавирус жуктурганы аныкталып, 96 адам оорудан көз жумган.