Баткен облусунда блокпостту тосуп турган адамдарды оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, кызматкерлердин кой дегенине карабай постту бузуп, унаасын айдап кеткен айдоочунун видеосу тараган.
Ал эми бул окуя боюнча Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан төмөнкүчө маалымат таратты.
"Окуя 31-март күнү эртең менен саат 07:00 чамаларында Кадамжай районунун Майдан айылына кире беришинде орун алган. Анда Кароол айылынын Нурлан аттуу тургуну жыгачтан жасалган карантиндик постту буту менен тээп, ачып өтүп кетип калгандыгы боюнча ошол жерде турган жарандардан маалымат келип түшкөн.
Бул окуяны милиция кызматкерлери териштирген учурда Майдан айыл аймагынын 40 жаштагы тургуну Н.Б. экени такталган. Ал бул окуяны "31-март күнү эртең менен саат 07:00 чамасында Баткен облустук сотуна бара жаткандыгын, бирок аны ошол постто турган жарандар өткөрбөй коюшканда, ал сотко кечигип калам деп баш ийбей постту сүзүп, өтүп кеттим" деп айтып берген.
Бул факты Кадамжай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Ал эми SUPER.KG порталына өздүк булактар билдиргени боюнча, ал 3 жыл мурун милиция кызматында иштеп жүрүп, пара менен кармалып, ички иштер органдарынан четтетилген.