Кытайдан Францияга бара жаткан бет каптарды орто жолдон АКШда алып калышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бет каптар Шанхайдын аэропортундагы учакта болгон. Ал учууга даярданып жаткан мезгилде америкалык сатып алуучулар акча сунушташып, 3 эсе көп сумманы айтышкан. Жыйынтыгында учак АКШга учкан.
Франциянын Мюлузе шаарынын "Тез жардам" кызматынын дарыгери Жан Роттнер коронавирус менен жабыркаган бейтаптар көп аймакка бара жаткан бет каптардын бир бөлүгүн америкалыктар алып кетип калганын тастыктаган.
"Алар учакка келип, биз бергенден 3-4 эсе көп накталай акча сунуштап жатышат. Биз муну менен күрөшүүбүз керек", - деп билдирген дарыгер.
Франциянын айрым аймактары бет кап жетишсиздигинен улам аны чет өлкөдөн буйрутма берип алдырганга мажбур болушкан. Мындай окуядан кийин алар көп убакытты талап кылса да бет каптарды учак эмес деңиз аркылуу алдырууну ойлонуп жаткан чагы.