Бүгүн, 28-августта Ош шаарында мугалимдердин август кеңешмеси болуп өттү. Анда шаардагы мектеп окуучуларынын колунан жасалган буюмдардын чакан көргөзмөсү да уюштурулду. Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Мелис Мырзакматов да көргөзмө менен таанышып, балдарга ийгилик каалады.