Бүгүн, 3-апрель саат 10:00гө карата өлкө боюнча 130 жаран коронавирус менен жабыркап жатат. Сутка ичинде 14 жаран коронавируска чалдыкканы аныкталды. Мындан тышкары Ноокат районундагы аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап каза болду.
Вирус жуктургандар жана каза болгон жаран тууралуу саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов маалымат берди. Онлайн маалымат жыйын Өкмөт үйүндө өттү.
Бүгүнкү күндө санитардык посттордо тургандардын баары коргоочу костюмдар менен камсыздалган. Мындан тышкары дагы медициналык каражаттар боюнча жардам келери күтүлүп жатат.
“Ноокатта коронавирустан каза болгон жарандын өлүмүнүн себебин патологоанатомиялык изилдөө үчүн, сөөгү патологоанатомго жөнөтүлдү, ал тийиштүү корутунду берет”, - дейт саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.
"Лабораторияларды экспресс, ПЦР диагностика тесттери жана алар үчүн реагенттер менен камсыздоо боюнча чоӊ иштер жүргүзүлүп жатат. Гуманитардык жардам катары 21 миӊ экспресс-тест келди, жалпы ыкчам диагностикалоо үчүн 60 миӊ тест-систем бар", - дейт министр Сабиржан Абдикаримов.
Коронавируска чалдыгып, өлкө боюнча ооруканага жаткырылгандар – 125ти түзөт:
Оор абалда (оорукананын жандандыруу бөлүмүндө) – 4 бейтап;
Орточо оор абалда – 121;
Айыккандар – 5;
Каза болгондор – 1.
Ноокат районундагы аймактык ооруканасында каза болгон жаран кичи ажылык зыяратына барып келген. Ал обсервацияга алынып, медициналык тест тапшырган. Тесттин жыйынтыгы вирустун белгилери бар экенин аныктаган. Бейтаптын кант диабети жана башка өнөкөт оорулары болгон. Кечээ, 2-апрелде биологиялык өлүмгө кабылды.
Вирус жуктурганы аныкталган 14 жарандын ичинен 4 жаран – сырттан келген, 10 – оорулуулар менен байланыш болгондуктан жуктуруп алган.
21 миң адамга ылайыкташкан экпресс-тест систем кечээ Кытайдан келди. Жалпысынан жардамга келген тест системдин саны 60 миң даананы түзөт.
Коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондор:
1-категориядагы адамдар (үй-бүлө мүчөлөрү, жакындары) - 2 миң 283. Анын ичинен 426 адам учакта чогуу келгендер болуп саналат.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов өлкөдөгү абал туруктуу экенин маалымдады.
Жалал-Абадда - 61;
Ош облусунда - 30;
Чүй облусунда – 6;
Баткен облусунда – 3;
Ош шаары – 10.
Бишкек шаары– 14;
Нарын облусунда – 4;
Ысык-Көл облусунда – 2 .
Коронавирустан жабыркагандардын ичинен – 72си аялдар, 58и – эркектер.
3-апрелде COVID-19 вирусу аныкталган 14 жарандар төмөнкү аймактардын жашоочулары:
• Жалал-Абад облусунда – 5;
• Жалал-Абад шаарында – 2;
• Чүй облусунда – 1;
• Бишкек шаарында – 6.