Португалия улуттук курамасынын жана италиялык "Ювентус" клубунун чабуулчусу, атактуу футболчу Криштиану Роналду 2020-жылы 1 миллиард доллар киреше тапкан алгачкы футболчу болот. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Роналду CR7 бренди аркылуу эле 2019-жылы 100 миллион доллар киреше тапкан. Быйылкы сезондун аягына чейин футболчунун жалпы кирешеси 1 миллиард доллардан ашары күтүлүүдө.
Буга чейин спортчулар арасында 1 миллиард доллар кирешени америкалык мушкер Флойд Мейвезер жана ушул эле өлкөнүн гольфисти Тайгер Вудс иштеп тапкан. Роналду быйыл 1 миллиард доллар тапкан үчүнчү спортчу болору жазылган.