Карантин сактабагандар үчүн айыптардын тизмеси жарыяланды:
- Коомдук тартипти сактоо боюнча милдетин аткарып жаткан ичи иштер органдарынын кызматкерлеринин талабына баш ийбегендиги үчүн айып жеке жактар үчүн 3 000 сом, юридикалык жактар үчүн 13 000 сом;
- Үйдөн себепсиз чыккандыгы үчүн айып жеке жактар үчүн 3 000 сом, юридикалык жактар үчүн 13 000 сом;
- 20:00дөн кийин көчөгө чыккандыгы үчүн айып жеке жактар үчүн 3 000 сом, юридикалык жактар үчүн 13 000 сом;
- Коомдук жайларда бет капсыз жүрүүгө айып жеке жактарга 1 000 сом, юридикалык жактар үчүн 5 миң сом;
- Медицина же милиция кызматкерлерин коркутуп-үркүтүү эрезеге жете электер үчүн 100 000-120 000 сом айып же жарым жылга эркинен ажыратуу, 18 жаштан жогорку жактарга 220 000 сом же эки жарым жылга колонияга кетет;
- Этиятсыздыктан ден соолукка анча оор эмес зыян келтирген бузуулар үчүн эрезеге жетелек балдар үчүн айып 15 000-25 000 сом, башка жактар үчүн айып 30 000-60 000 сом;
- Эгер сиз үй карантинин же обсервация эрежелерин бузсаңыз, массалык ооруга себепкер болсоңуз айып салынат. Анын көлөмү эрезеге жете элек балдар үчүн 80 000-100 000 сом же 2 жылга чейин эркинен ажыратылат, башка жеке жактар үчүн 340 000 сом же 5 жылга чейин эркинен ажыратылат.