Ысык-Көл облусунун Бөкөнбаев айылында карантинге 16 адам алынган. Алар бир катар жагдайларын айтып, өздөрүн видеого тартышкан. Бул видео социалдык тармактардын бирине Айбек Жаныбаев аттуу колдонуучу тарабынан жайгаштырылды.
Видеодо 16 жарандын карантинге алынганына 16 күн болгону жана карантинге алынганына 14 күндөн ашса дагы алардын же анализинин жыйынтыгы жок же коё берилбей жатканы тууралуу айтылат.
"16 адамдын карантинде отурганына 16 күн болуптур, 14 күндө анализдери чыгып, таза болсо үйлөрүнө чыгарабыз дешкен экен. Анализдин мөөнөтү келгенине карабай, бүгүнкү күнгө чейин жыйынтыгы чыга элек экен. Ал эми карантинде кармалып турган адамдардын үй-бүлөлөрүнө дүкөнчүлөр азык-түлүк сатпай жатышыптыр", - деп жазган Жаныбаев видеодогу жарандар тууралуу.
Ал эми видеодо сүйлөгөн жаран алардын үй-бүлөсү ачка калышканын, үй-бүлө мүчөлөрүнөн баары коркуп, жолобой жаткандары тууралуу айтып берген.
SUPER.KG порталы бул боюнча тиешелүү тараптардын оюн угуп, жарыялоого даяр.