Грузиянын Поти шаарындагы агрардык базарына келгендерге жаңы эреже киргизилди. Ага ылайык, бардык жарандардын акчасы үтүктөлүп, дезинфекцияланат.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, үтүккө антисептик каражаты куюлган, ал бууланганда акчадагы бактерияларды өлтүрөт. Ал эми металл, тагыраагы, тыйын акчалар антисептик каражаты менен тазаланат. Мындан тышкары базардын бардык кардарларынын дене табы текшерилип, кол кап берилет.
Бул эрежелер коронавирус инфекциясынын жайылуусуна бөгөт коюу үчүн колдонулууда. Учурда Грузияда 174 адам ооруп, 36 жаран илдеттен арылды. Каза болгондор - 2.