Ирландиянын премьер-министри аптасына бир жолу дарыгер болуп иштөөнү чечти

Ирландиянын премьер-министри Лео Варадкар коронавируска каршы күрөшүү үчүн аптасына бир жолу дарыгер болуп иштейт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Лео Варадкар дарыгерлердин үй-бүлөсүндө чоңойгон. Анын апасы медайым, атасы терапевт болуп иштеген. Варадкар 2013-жылы Дублин шаарындагы Тринити колледжинде медициналык билим алган.

Буга чейин ирландиялык атактуу UFC мушкери Конор Макгрегор Ирландия өлкөсү коронавируска каршы күрөшүүдө алсыз болуп жатканын, президентти бул вируска каршы татыктуу күрөшүүгө чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rola
2020-04-06 14:53:38
Кана эми биздин министирлерда ушундай аракет жасаса.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан