Карантин башталгандан бери адамдар канча жылдан бери кол тийбей жүргөн жумуштарын бүтүрүп, көптөн бери акыбал сураша элек жакындары менен баарлашып калды өңдөнөт. Учурдан пайдаланып ашказанды эле толтура бербей "башказанды" дагы толтурууга убакыт келди көрүнөт. Сиздерге адабий сынчылардын элегинен өткөн мыкты делген китептер топтомун сунуштайбыз.
Харуки Мураками "Норвежский лес"
Белгилүү япониялык жазуучунун бул китебинин негизинде башкы каарман Тоору Ватанабэ 1960-жылдардагы өзүнүн студенттик кезин эскерет. Анда башкы каарман окурманга убагында туура чечим кабыл алганды, сүйө билгенди үйрөтөт. Ошондой эле автор өлүм бул жашоонун карама-каршысы эмес анын бөлүп салгыс бир мүчөсү экенин айтып өтөт. Китеп оңой жана жалпак тилде жазылгандыктан бир дем менен окулат.
Стивен Кинг "Зеленая миля"
Бул китептин тасмасын көпчүлүк көрсө керек. Бирок романдын экронизацияланганы китептеги бардык окуяларды камтыган эмес. Автор аталган чыгармада көптөгөн философиялык темаларды козгогон. Эгерде чыгарманы окусаңыз көз алдыңызга окуяларга бай, бирде коркутуп, бирде ыйлаткан такыр башка тасма тартылат.
Халед Хоссейни "Тысяча сияющих солнц"
Согуштун курчоосунда калган Ооганстанда жашаган 2 кыздын тагдыры. Бири жашоодогу кыйынчылыктарды көрүп, оор шарттарда өскөн болсо, экинчиси ынтымактуу, бардар үй-бүлөдө чоңойгон. Бирок алардын тагдырын согуш кошот. Ыйык достук жана сүйүү сезимдери тууралуу окуя окурмандын жүзүнө жылмаюу тартуулап, кайрадан ыйлатып да коё алат.
Грегори Робертс "Шантарам"
Кайсы бир кезде жаңылган адам дагы өз жолун таап, оңолуп кете алат. Бул чыгарма дал ушундай адамдын басып өткөн жолун баяндайт. Индияга алыскы Австриядан качып келген, баңгизат колдонгон кылмышкер адамдын кызыктарга бай окуялары жазылган. Автор өз чыгармасы менен адам эч качан адамдан үмүт үзбөш керек деген философияны бергиси келген.
Дэниел Киз "Цветы для Элджернона"
Китеп акылы өөрчүбөй калган 33 жаштагы Чарли Гордондун атынан жазылган. Ал акылдуу болуш үчүн адамдар баштаган экспериментке катышууга макулдугун берет. Китептин жүрүшүндө окурман Гордондун ой жүгүртүүсү кандай өзгөрүүлөргө ээ болуп жатканын байкай алат. Автор бул чыгармасы менен адамдар акылдуу болуу үчүн кандай бааны төлөөгө даяр экендиги тууралуу суроого жооп бергендей.
Жон Кехо "Подсознание может всё!"
Канадалык филонтроп бул эмгегинде жашоодо дайыма эле логикага таянып иш кылууга болбой тургандыгын, кайсы бир учурда адам өзүндө катылган шыкты ойготуу менен ийгиликке жетише ала тургандыгын баяндайт. Бул эмгекти чындап кунт коюп окуган болсоңуз, адамдын ар бир кадамы бул аң сезимден чыккан ойлор экенин жана аны туура башкара билүү көптөгөн ийгиликтерге жеткире аларына ынанасыз.
Альбер Камю "Посторонний"
Классикалык экзистенциализмдин мисалы болгон француз жазуучусу Альбер Камюнун бул чыгармасы эркин адамдын жашоосун баяндайт. Мерсо фамилиясы менен таанымал болгон каарман өзүнө жаккан жашоо менен жашаганды жактырат. Ал ага таңууланган башка бирөөнүн эрежелери менен ойногонду каалабайт, мындан улам ал коомдо башкалардан айырмаланып, көпчүлүккө жат болуп калат.