О! Мобилдик оператору Covid-19 менен күрөшүүдө кантип жардам берип жатат. Кабыл алынган чаралардын тизмеси

О! Мобилдик оператору өлкөдө өзгөчө абал киргизилген биринчи күндөн тартып өкмөткө, мамлекеттик түзүмдөргө жана калкка Covid-19 вирусун токтотууга багытталган күрөштө бир кыйла ыкчам чараларды кабыл алды.

Муктаждардын атайын эсебине миллион сом

  • Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кишилерге, муктаж жана социалдык жактан аярлуу жарандарга каражат топтоо эсебине компания 1 миллион сом которду. Мындан тышкары компаниянын колл-борборунда аз камсыз болгон жарандарга жардам бөлүштүрүү үчүн 1227 (чалуу акысыз) кыска номерине сурам чогултуу уюштурулган.

Бүт өлкө боюнча 26 миңден ашуун дарыгерлер, ӨКМ жана ИИМ кызматкерлери карантин учурунда О! түйүнүнүн акысыз байланышы менен камсыз болушту.

  • Кыргыз Республикасынын аймагына өзгөчө абал киргизилген биринчи күндөн тартып, коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттерге камтылган бардык жарандар О! операторунан акысыз байланыш, мобилдик интернет, керек болгон жерлерге акысыз Wi-Fi менен даректүү камсыздалган. Азыркы учурда булар – 26 миңден ашуун дарыгерлер, райондук штабдардын, ооруканалардын, обсервациялык мекемелердин, ҮМБ, ММКФ, ИИМҮМБ кызматкерлери, эпидемиологдор, инфекциялык ооруканалардын, "Тез жардамдын", Кан куюу борборунун дарыгерлери, ӨКМ, ТИМ, Бажы, ШИИБ, ИИМ жана башка түзүмдөрдүн өкүлдөрү.
  • Укук коргоо органдарынын кызматкерлерине Бишкек шаарынын блокпостторунда электрондук пропусктарды окуу үчүн кошумча 50 смартфон берилди.

Акысыз интернет-ресурстар жана мобилдик байланыш

2020-жылдын 2-апрелинен тартып О! абоненттери үчүн бардык учурда абоненттердин байланышта болуулары үчүн нөлдүк баланста дагы чукул чалуулар үчүн 10 мүнөт акысыз жеткиликтүү болуп калды.

Коронавируска байланыштуу суроолор боюнча ыкчам линияларга акысыз чалуу уюштурулду: 118, КРнын ӨКМ: 112, Саламаттыкты сактоо министрлигинин оперативдүү штабы: 0(312)660663; Саламаттыкты сактоо министрлиги: 0(312)323202, Жалал-Абад облусунун ӨК: 150.

Бардык О! абоненттери үчүн коронавирус тууралуу маалыматтык ресурстарга интернет-трафик нөлгө түшүрүлгөн: gov.kg, covid.kg, hidoctor.kg, virus.el.kg, 103.gov.kg, bizdin.kg, inai.kg, digiskills.kg.

Калкка атайын мамлекеттик кызматтардын (ӨКМ, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана башка) атынан SMS-билдирүүлөр аркылуу мезгил-мезгили менен маалымат берилип турат.

Коронавирустун жайылуусу менен күрөшүү жана оорунун алдын алуусуна багытталган атайын программалык өнүмдөрдү колдонуу максатында Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетине SMS үчүн SMS-шлюз берилген.

Дистанциялык окутууга өтүп жатканда мугалимдерге жана окуучуларга акысыз байланыш

«Мугалим 200» социалдык тарифинин алкагында кыска мөөнөттүн ичинде дистанциялык окутууну уюштурууга мажбур болушкан жалпы билим берүү мектептеринин бардык мугалимдери акысыз байланыш жана мобилдик интернет менен камсыз болушту. Тариф ай сайын төмөнкүлөрдү камтыйт: 40 ГБ мобилдик интернет; КРнын башка мобилдик түйүндөрүнө чалуулар үчүн 100 мүнөт; О! түйүнүндө ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS; WhatsApp, Telegram, Skype, Zoom социалдык тармактарында жана тиркемелерде баарлашуу жана онлайн-окутуу жүргүзүү үчүн АКЫСЫЗ интернет-трафик; О!TV тиркемесиндеги «O!TV Окутуу» атайын билим берүү топтомуна АКЫСЫЗ кирүү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин окутууга багытталган интернет-ресурстарына интернет-трафик нөлгө түшүрүлгөн. 2020-жылдын 6-апрелинен тартып бардык окуучуларга кошуп алуу үчүн акысыз «Окуучу» тарифи жеткиликтүү. Тариф О! түйүнүндө чексиз чалууларды, чексиз WhatsApp, Telegram, Skype, Zoom, интернет-трафиктин топтомун, окутуу материалдары менен ТВ-каналдары бар «O!TV Окутуу» топтомуна жана Билим берүү жана илим министрлигинин окутуу порталына акысыз кирүүнү камтыйт.

Окуучулар жана мугалимдер бардык окутуучу материалдарын «Мой О!» акысыз тиркемесинен таба алышат.

Үзгүлтүксүз байланыш жана 24/7 тейлөө

Компаниянын бардык кызматтары бүт өлкө боюнча күнү-түнү үзгүлтүксүз байланышты камсыздоо үчүн жогорку даярдык режимине өткөрүлдү. Түйүндөгү трафиктин өсүүсүн белгилөө менен мобилдик оператор ыкчам тартипте интернет каналдарын кеңейтти. Күн сайын кошумча керектүү ырастоолор жана кошумча жабдууларды орнотуу ишке ашырылууда.

0705 007 000 номери аркылуу винглдерди, роутерлерди, SIM-карталарды үйгө чейин акысыз жеткирүү, 250 сомдон өйдө балансты толуктоо уюштурулган.

O!Store дүкөндөр тармагы бардык жерде өз жумушун аткарып жатат, кеңселердин актуалдуу иштөө режими ostore.kg сайтында. O!Store дүкөндөр тармагында иштеген кызматкерлерди коргоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык талаптарына ылайык жеке коргоо каражаттары каралган: антисептикалык каражаттар, бет каптар, мекемелерди мезгил-мезгили менен дезинфекциядан өткөрүү, кардарларга аралыкты сактоо керектигин эскертүүчү маалыматтык тактайчалар. Кызматкерлердин бир бөлүгү аралыктан иштөөгө которулду.

«Мой О!» электрондук капчыгы жеткирүү кызматтарынын аралыктан төлөө үчүн онлайн-төлөмдөрүн, коммуналдык кызматтардын төлөмдөрүн үзгүлтүксүз ишке ашырууну улантууда.

Компаниянын Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте» же Twitter социалдык тармактардагы баракчаларынан О! операторунун мобилдик байланыш кызматтары тууралуу суроолорго күнү-түнү консультация берүү жүрүп турат. Ошол эле жерде коронавирустун алдын алууга, ошондой эле бул темага байланыштуу фейк маалыматтар тууралуу жарыяланып турат.

О! Мобилдик оператору коронавирус менен күрөшүү боюнча иш-чараларга активдүү катышып келе жатат жана алгачкылардын болуп жардам чакырыгына жооп берип, кыска мөөнөттүн ичинде миллиондогон жарандарга керектүү демилгелерди ишке ашырууда, өз абоненттерин колдоп, социалдык тармактар аркылуу кайтарым байланышка ээ болууда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан