Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Хосеп Гвардиоланын апасы Долорс Сала Каррио 82 жашында коронавирустан каза болду. Бул тууралуу аталган клубдун сайтына жарыяланды.
"Клуб менен байланышкан адамдардын бардыгы ушул оор мезгилде Пепке жана анын үй-бүлөсүнө чын жүрөктөн көңүл айтат" деп жазылган клубдун сайтында.
Машыктыруучунун апасы Испаниянын Барселона шаарында жашачу.