Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргыз өлкөсүндө 8-апрелден баштап окуучулар 4-чейректи дистанциялык форматта окуп башташат.
Окуучулар үчүн видео сабактар даярдалып, алар КТРКнын «Баластан» (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), ЭлТРдин «Илим Билим» (5-11-класстын окуучулары үчүн) жана «Санат», «Пирамида», «5-каналдарынан» эфирге берилет.
Билим берүү жана илим министрлиги 8-9-10-11-апрелге карата бардык класстардын окуучулары үчүн даярдалган видео сабактардын жүгүртмөлөрүн чыгарды.