Бүгүн, 8-апрель саат 10:00гө карата өлкөдө дагы 42 жаран коронавирус менен жабыркап жатканы аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 270ке жетти. Маалыматты саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйынында билдирди.
Ошондой эле министр айыккандар тууралуу маалымат берип, буларга токтолду.
"Бүгүн Жалал-Абад облустук ооруканасындагы 10 бейтаптан кайрадан тест алынып, жыйынтыгы таза деп чыкты. Буюрса, аларды бүгүн ооруканадан чыгарабыз", - деди ал.
Сабиржан Абдикаримовго кечээ, 7-апрелде айыккандар 33 болду деп жаттыңыз эле, ошондо айыккандардын жалпы саны канча болду деген суроо берилди.
"Кечээ, 7-апрелде айыккандар 23 болгон. Дагы 10 бейтаптын чыгуусу күтүлүп жаткан. Алар ооруканадан чыга элек, буюрса, бүгүн чыгышат. Ал эми дагы 2 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Муну менен ооруканадан чыккандар 25 болду", - деп жооп берди министр.
Маалым болгондой, кечээ, 7-апрелге карата өлкөдө коронавирус менен дагы 12 жаран жабыркап жатканы аныкталган.