Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко түз эфир учурунда карантинди уюштуруу үчүн 1 сутка жетиштүү экенин, бирок ал учурда жумуштун баары токтоп, элдер ачка каларын билдирди.
"Мунай өзүнчө кеп, аны тамак кылып тарта албайсың. Айыл чарба иштерине тыкыр көңүл буруп, айдап-себүү иштерин жакынкы күндөрү бүтүшүңөрдү талап кылам. Азыр бул биздин эң негизги маселебиз. Айрымдар карантин, коменданттык саат жана башка киргизиш керек деп нааразы болууда. Аны уюштуруу үчүн 1 сутка жетиштүү, бирок биз эмне жейбиз анда?" - деп билдирген өлкө башчысы.
Беларусь өлкөсүндө вирусту жуктуруп алгандардын саны 700гө жеткен. 13 адам каза болуп, 53 адам айыгып чыккан. Ал эми 634 адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.