Билим берүү жана илим министринин орун басары: "Жайкы каникулга балдар өз убагында чыгат деп айтууга али эрте" (хронология)

Бүгүн, 8-апрель күнү Өкмөт үйүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өлкөдө башталган аралыктан окуу системи жөнүндө жыйын берүүдө.

2020-04-08 14:42:00

"Балдар жайкы каникул учурунда окууну улантабы-жокпу азырынча так айтууга эрте. 3 аптадан кийин кандай жыйынтык болуп жатат, мониторинг жасап, ошондон кийин так маалымат алабыз. Эгер өздөштүрүү жактан маселе жаралса, балким, бир азга жылып кетиши мүмкүн. Бирок күн ысыган, жайдын аптабына чейин окуу процессин аяктайбыз", - дейт Надира Жусупбекова.

2020-04-08 14:40:00

Көрүүчүлөр тарабынан "Баткен облусунда айрым үйлөрдө сыналгы жок. Алар кантишет?" деген суроо берилди. Ага министрдин орун басары "учурда шарты жок үй-бүлөлөргө жергиликтүү башкармалыктар жардам берип жатат. Азыр карантинге байланыштуу балдар бакчасы да жабылган. Мүмкүн болсо, ошол жактан деле сыналгыларды алып берип турушса болот. Баткен облусундагы маселени чечебиз. Анткени биз 4-чейректи ийгиликтүү аякташыбыз керек", - деп жооп берди министрдин орун басары.

2020-04-08 14:38:00

Министрдин орун басары суроолорго жооп берүүдө.

"Окуу программасын аралыктан окутуу системин иштеп чыгууда кайсы өнүккөн мамлекеттин тажрыйбаларын колдондуңар? деген суроого "Жогорку окуу жайларда бул систем жакшы өнүккөн болушу мүмкүн. Бирок алдыңкы, күчтүү делген өлкөлөр деле баары окуу программасын онлайн форматка өткөргөн эмес. Андыктан бул бардык жакта эле жаңы формат. Ошого байланыштуу биз болгон күчүбүздү, эмгегибизди жумшадык", - дейт Жусупбекова.

2020-04-08 14:31:00

Надира Жусупбекова жыйын учурунда "ар бир мугалимди мажбурлап окутуп жатышат" деген маалымат туура эмес экендигин билдирип, бир да мугалим мажбурланбай, өз каалоосу менен видеосабактарды жаздырып жатканын айтты. 

2020-04-08 14:24:00

Министрликтин алдында бардык суроолорго жооп берүүчү топ түзүлдү. Аралыктан окуу жаңы формат болгондуктан кандай суроо, көйгөй жаралбасын, ушул топко байланышып, жардам алсаңыздар болот. 0550-512-075, 0550-801-026; 0550-368-784, 0550-513-385, 0557-442-355.

2020-04-08 14:18:00

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова окуу ресурстары боюнча "Биз электрондук ресурсубуз жок болсо, тез арада онлайн окууга өтө алмак эмеспиз. 1-4-класстар үчүн "Айбилим" электрондук окуу ресурсу бар, анда бардык материалдарды камтыган ресурстар бар. Аны онлайн жана оффлайн режимде колдонсо болот. Ошондой эле 5-класттан 9-класска чейин "Билим булагы" электрондук ресурсу бар. Анда бүт видео, аудио материалдар, окуу сабактары камтылган", - дейт.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nargiz-sa
2020-04-08 17:19:07
Ар бир мугалим милдеттуу турдо оз предметтери боюнча видео сабактарды даярдаш кк. Албетте шартына жараша. Анткени алардын негизги милдети татыктуу билим беруу
0
Aikaaaa
2020-04-09 02:24:00
Казакстан отказ берип эле салды го. Онлайн окутуудан. Бизде мажбурлап эле атат мугалимдерди, иштебесеңер, карантин убагындагы айлыгыңар кармалат деп эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан