Бүгүн, 8-апрелде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Жыйынга ошондой эле айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев жана мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Каныбек Айдаров дагы катышууда.
"Коронавирусту жаңы жуктуруп алгандар обсервацияда жана үй карантининде жаткандар. Жалпысынан вирус жуктуруп алган 270 адам аныкталса, анын ичинен 23 адам айыкты", - дейт Боронов.
Бүгүн, 8-апрелге карата Кыргыз өлкөсүндө дагы 42 адам вирусту жуктуруп алганы аныкталган.