Кубатбек Боронов: "Иш учурунда дарыгер коронавирус жуктуруп каза болуп калса, үй-бүлөсүнө тиешелүү компенсация төлөнөт"

Эгерде дарыгер иш учурунда өзүнө коронавирус жуктуруп алып каза болуп калса, анын үй-бүлөсүнө тиешелүү компенсация төлөнүп берилет. Мындай маалыматты вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 8-апрелде өткөн маалымат жыйында айтты.

Мындан тышкары ал жумуш учурунда бейтаптарды дарылап жатып же өзгөчө абал режими киргизилген аймактарда иштеп жатып ооруну жуктуруп алган дарыгерлерге да компенсация төлөнөрүн белгиледи. Мындай учурда анын суммасы 200 миң сомду түзөт.

Эгерде медицина кызматкери коронавирустан каза болсо, анын үй-бүлөсүнө 1 миллион сом берилерин штабдан билдиришкен.

8-апрелге карата өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган дарыгерлердин саны 32ге жетти. Бирок маалымат жыйындын жүрүшүндө Боронов дарыгерлердин бири ооруну коңшусунун үйүндө отуруп жуктуруп алганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Flowhive
2020-04-09 08:20:21
Бир миллион сом аз
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан