реклама
super.kg logo

"Балдарыбыз эмес, биз түшүнбөй жатабыз". Онлайн сабак боюнча ата-энелер ой бөлүшөт

 

Кечээ, 8-апрелде мектеп окуучуларына буга чейин билим берүү жана илим министри билдирип келгендей "Баластан" телеканалынан дистанциялык окуу сабактары көрсөтүлүп баштады. Онлайн сабактар өлкө тарыхында буга чейин болгон эмес. Бул нерсени эске алуу менен SUPER.KG порталы биринчи күндөгү сабактар тууралуу айрым ата-энелердин пикирин укту.

Билим берүү жана илим министрлиги видеосабактар 200дөн ашык мугалимдин катышуусунда кыргыз жана орус тилинде жазылып, даярдалып жатканын буга чейин маалымдаган. Мындан улам биз ата-энелерден балдары сабактарды кандай кабыл алганын, эмне кемчилик жана артыкчылыктар тууралуу пикирлерин уктук.

Алеся Райымкулова үйүндө телевизор болгону менен антеннасы жок болгонун айтты.

"Анткени үй-бүлөбүз менен көп нерсени ютуб каналынан көрүп, телевизордон көрбөй калдык эле. Ошондуктан сабак башталганда телефондон эле "Баластан" каналына кирдик. Ал жактан телефонду телевизорго кошуп, анан сабакты көрдүк. Биздин ал жакка кирип, көрүүбүз дагы бир топ убакытты алды, тагыраагы, бир сабак бүткөндө кирип калдык. Буга чейин жүгүртмөнү Whatsapp аркылуу таратышкан. Бирок ал жүгүртмө кыргыз тилдүүлөр үчүнбү же орус тилдүү класстар үчүнбү бөлүнүп жазылбаптыр жана толук эмес экен. Биз көрүп олтура бериптирбиз, балам түшүнбөй олтура бериптир.

Бир маалда эле балам түшүнбөй жатканын айтты. Баамымда ал жерде так жүгүртмө жок экен. Экинчиден кыргыз тили сабагы болуп жатат, мугалим бир сүйлөмдү окуду. "Бул жерде канча сүйлөм турат балдар?" деп туруп, "туура айтасыңар" деп кайра өзү айтып койду. Бир ой жаралды окуучу туура айтып жатканын ал кайдан билет? Мындан улам менде ал жерден пауза кылыш керекпи, билбейм айтор, башкача кылып өтүш керек эле деген ой жаралды.

Сабактар Zoom'дан жакшы эле кетип жатат. Кадимки эле мектептегидей мугалимдер сабак өтүүшүүдө. Бул жагын жакшы деп баалап жатам. Эгер интернетиң иштебей калса, шакекче тегеренип көрүнбөй калат экен. Ошого интернеттин жакшы болушу маанилүү экенин аңдадым. Мен бул жерде мугалим окуучулардан сурабай эле теманы түшүндүрүп, толук сабак өткөнүн туура деп эсептедим", - дейт ал.

Гүлназ Борбуева дистанциялык окуу бир аз ыңгайсыздыкты жаратканын билдирди.

"Жаңы ишке ашып жаткан окутууга эч кандай доом жок. Менин 3 балам тең 2-мөөнөттө болгондуктан, ар каналдан бир сабак болуп калганда кыйынчылыктар жаралып калып жатат. Мүмкүн толук иштешпегенби же толук аңдашпаганбы анысын билбейм. Анткени көп балалуу үй-бүлөлөрдө катар-катар балдар окуп калса, алар кандай көрөт деп өзүмчө ойлонуп жатам. Бирок жеке менде анчалык кыйынчылык жок. Себеби балдарымда Кудайга шүгүр, ар биринин өздөрүнүн телефону бар. Мисалы, менин ата-энемдин үйүндө 4 небереси окуп жатат. Айта берсе мындай көйгөйлөр көп, мына ушулар бир аз ыңгайсыз болуп жатат", - дейт Борбуева.

Бактыгүл Татарбекова дистанциялык окуу башталгыч класстын окуучуларына болбой турганын белгиледи.

"Менин оюмча, мындай окутуу студенттерге ылайыктуу болчудай. Башталгыч класстарга болбой турганына көзүм жетти. Анткени башталгыч класс билиминин пайдубалын мектепте түптөп, бекемдейт эмеспи. Окуучуну жеке өз алдынчалуулукка койгону дагы туура эмес. Теманы айтпай эле коёюн, мугалим айткан нерсени түшүнүп, сиңирип алуу окуучуларга эле эмес, ата-энелерге дагы оор болууда.

Убактылуу 1 айча окуп турсак болот, андан узакка созулуп кетүүсүн каалабайм. Анткени баш аламандык башталып, балдардын билими жугумсуз болуп калгыдай. Ар бир ата-эне өз билимибиз, түшүнүгүбүз, дараметибизге жараша түшүндүрүп жатабыз. Бирок ошентсе да баарынын билим деңгээли бир кылка деп айтууга болбойт", - дейт ал.

Бактыгүл Жамшитова баласы мурда өтүлгөн тема кайрадан өтүлгөнүн билдирди.

"Сабактар телеканалдар аркылуу көрсөтүлүп жатты. Балам 7-класста, кызым 5-класста окугандыктан алардын сабактарын көрүп, катыштым. Жакшы деп бааладым, түшүнүктүү жакшы кылып өтүштү. Бирок бир кемчилиги балам мурун өтүлгөн тема кайра өтүлдү деп айтты", - дейт Жамшитова.



 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(8)
09.04.2020. 10:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
148
Катталган:
20-07-2018
Соӊку аракети:
24-05-2020 20:15
Жынысы:
Белгисиз
-2
Июнда окуучулар ОРТни кантип тапшырышат. Негизи дистанционное обучение ото чала иштелип чыккан.
09.04.2020. 10:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
427
Катталган:
20-07-2016
Соӊку аракети:
30-05-2020 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Аксы
-2
Онлайн окуунун графигинде корсотулгон убакытта твдан оз убагында беруу болбой жатат
09.04.2020. 10:39 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
54
Катталган:
01-03-2018
Соӊку аракети:
30-05-2020 03:48
Жынысы:
Белгисиз
+2
уйдо олтуруп ата-энелердин айласы кетти,сабактан окуучу эмес ата-энелер тушунбоптур,демек мугалимдин эмгегин баалай билишибиз керек.Мугалим балдардын денгээлине жараша тушундурот.
09.04.2020. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
292
Катталган:
16-01-2018
Соӊку аракети:
28-05-2020 18:17
Жынысы:
Белгисиз
+5
Көч бара-бара түзөлөт
09.04.2020. 11:29 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
618
Катталган:
20-01-2013
Соӊку аракети:
05-05-2020 12:10
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бир кундо эле ким аалым болуптур.? Коч бара бара туздолот дегенге кошулам. Бирок сабактарды бир актер чеберчилиги барлар отсо, кызыктуурак болмок менимче.
09.04.2020. 12:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
399
Катталган:
05-11-2015
Соӊку аракети:
30-05-2020 21:58
Жынысы:
Белгисиз
0
министирлик мугалимдердин мээнетин эске алып айлыктарына кошумча жагын ойлонуш керек ушундай убакта
09.04.2020. 12:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
764
Катталган:
29-01-2019
Соӊку аракети:
02-05-2020 15:11
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул нерсеге акырындан өтүп алсак келечекте жакшы болот эле кышында айрыкча суук күндөрү каникулду узартып үйдөн чыкпай окууга жакшы болот эле өнүкөн өлкөлөрдө бул алда качан эле кирген болчуу
09.04.2020. 14:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
303
Катталган:
16-02-2018
Соӊку аракети:
30-05-2020 16:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+2
Окуса болот,акырындап кемчиликтерди эске алышаар. Мугалимден дагы коз каранды деген соз дагы тастыктады. Анткени байкап отурсам,Бир мугалим жакшы,жеткиликтуу тушундуруп жатат. А башкасы тушунуксуз суйлойт. Программасы чийки болуп калган.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144685;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: