"Медицина кызматкерлери тийиштүү каражаттар менен камсыздалды" дейт саламаттыкты сактоо министринин орун басары ( видео, хронология)

Бүгүн, 9-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев онлайн маалымат жыйын берди. Күнүгө аталган министрликтин өкүлдөрү коронавирус жуктуруп алгандардын саны тууралуу маалымат берип турат.

2020-04-09 10:18:00

Суроо: Обсервациянын шарттарын жакшыртыш үчүн кандай иш-аракеттер көрүлүп жатат?

Жооп: Башында ар кандай мүчүлүштүктөр болгон. Обсервация катары мейманканалар жана ар кандай имараттар колдонулуп жатат. Албетте, ал жакта шарттар бейтапканадагыдай эмес. Ошого карабастан жакшы шарттарды түзгөнгө аракет кылынып жатат.

2020-04-09 10:17:00

"Тамактануусунан сырткары азыркы тапта эл өкүлдөрү медицина кызматкерлерине ар тараптан жардам берип жатышат. Муктаж болгон медицина кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө азык-түлүктөн жардам берилип жатат", - деп билдирди министрликтин өкүлү.

2020-04-09 10:16:00

Суроо: Медицина кызматкерлер ачка калып жатат деген суроо канчалык деңгээлде чын, алар тамак-аш менен камсыз болушту беле?

Жооп: Аталган маалымат чындыкка дал келбейт. Медицина кызматкерлерине болгон шарттарды түзгөнгө аракет кылып жатабыз. Ооруканада иштегендердин түшкү тамактануусун ал жактын администрациясы өзү уюштурууда. Ал эми посттордо иштегендердикин ӨКМ уюштуруп жатат.

2020-04-09 10:15:00

Суроо:  "Тез жардам" кызматы кандай иш алып барууда? Бир нече жолу чалдык келген жок. 

Жооп: "Тез жардам" кызматы мурдагыдай эле иштеп жатат. Жетишпей калган гана учурлар болушу мүмкүн. Эгерде такыр келбеген болсо факты менен билдиришсе чаралар көрүлөт.

 

2020-04-09 10:14:00

Суроо: Медицина кызматкерлеринин коргоочу каражаттары тууралуу так маалымат бере аласыздарбы?

Жооп: Азыркы тапта 34 медицина кызматкери, тилекке каршы, вирусту жуктуруп алышты. Башында каражаттар жетишпей жаткан, аны моюнга алабыз. Бирок азыркы тапта ар тараптан жардамдар келип, тийиштүү каражаттар менен камсыз болдук. Аймактарда муктаждык дагы деле бар, ошол жакка тийиштүү каражаттарды жеткирүүгө аракет кылып жатабыз.

2020-04-09 10:13:00

Азыркы күндө COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын саны 6 миң 268.
Жакын байланыштар (I категория) – 1 миң 58
Башка байланыштар (II категория) – 5 миң 210

2020-04-09 10:12:00

"Жаӊы катталгандардын ичинен 2 медкызматкери дагы бар. Вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны 34кө жетти", - деп  билдирди Каратаев.

2020-04-09 10:11:00

Вирус жуктуруп алгандар:
Бишкекте – 1;

Ноокат районунда – 1;

Ош шаарында – 3;

Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 4, Аксы району – 1 ) – 5.

2020-04-09 10:05:00

Муну менен Кыргыз өлкөсүндө жалпы 280  адам катталды. Алардын ичинен:
Жалал-Абад облусунда – 86;
Ош облусунда – 98;
Чүй облусунда – 7;
Баткен облусунда – 4;
Ош шаарында – 36;
Бишкек шаарында – 36;
Нарын облусунда – 10;
Ысык-Көл облусунда – 3. 
Медицина кызматкерлери жалпы 34, жаӊы  2 дарыгерде вирус бар экендиги аныкталды. 

Алар (Ош шаарында - 1, Аксы районунда - 1).

Катталгандардын ичинен: 147 – аял, 133 – эркек, жаӊы 10 жарандын ичинен 3 аял, 7 эркек.

2020-04-09 10:00:00

Бүгүн Кыргыз өлкөсүндө 10 адамдан коронавирус аныкталды. 


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан