Коронавирус боюнча өлкөдөгү абал тууралуу күн сайын Саламаттыкты сактоо министрлигинин онлайн маалымат жыйыны болуп турат. Ага министр Сабиржан Абдикаримов өзү, айрым учурда министрликтин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Касым Мамбетов келип, жаңыланган статистика менен тааныштырып турат.
Бүгүн, 9-апрелде өткөн министрликтин онлайн брифингине министрдин орун басары Мадемин Каратаев келип, маалымат берди.
Кечээ, 8-апрелде министр Сабиржан Абдикаримов маалымат жыйында Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасы жабылганын билдирген. Кийинчерээк мекемеден министр Ош менен Жалал-Абад шаарындагы оорукананы алмаштырып айтып алганы кабарланган. Ошондой эле вирустан каза болгондордун саны боюнча да туура эмес санды айтып, сынга кабылган.
Учурда өлкө боюнча 280 жаран коронавирус менен ооруп жатат. Буга чейин 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылса, 4 жаран каза болгон.