Бишкектеги Ала-Арча суусуна 29 жаштагы жаран түшүп кетти. Учурда абалы орто деп бааланып жатканын ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, кырсык 8-апрелде саат 14:34тө орун алган.
"Медеров жана Токтоналиев көчөлөрүндөгү Ала-Арча суусуна 1990-жылы туулган А.С. аттуу эркек киши кулап түшкөн. Куткаруучулар жабыркаган адамды суудан алып чыгышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Жабырлануучунун абалы орто деп бааланууда", - деди маалымат кызматынын өкүлү.