Бүгүн, 9-апрель Кыргыз өлкөсүнүн аймактарында кар жааганына байланыштуу мөмөлүү дарактарды үшүк алуу коркунучу болууда. Андыктан Бишкектеги Энвер Гареев атындагы ботаникалык бактын агроному Нурлан Албанов мөмөлүү дарактарды үшүктөн сактап калуу жолдорун SUPER.KG порталына айтып берди.
- Кар астында калган бак-дарактарга бүгүн тийбей эле коюу керек. Эртең түнкү саат 4төн баштап саат эртең мененки 8дер аралыгында үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Андыктан түнкү саат 4тө туруп, мөмөлүү бактардагы карларды силкип же дарактарды түрткүлөп түшүрүп, анан түтөткү салуу керек. Түтөткү үчүн малдын көңү, нымдуу куурай, нымдуу чөп боло берет. Кургак чөп, куурайдын өрттөнүп кетүү коркунучу болгондуктан аларды колдонбоо керек. Мисалы, бакта 15-20 чакты мөмөлүү дарак болсо, 5-6 жерге түтөтүп коюу сунушталат. Темир чака же башка темир идишке көң же болбосо куурайды салып, түтөтөсүз. Түтөткү жерден баштап өйдөнү көздөй 2-4 метрге чейинки абаны жылытып, мөмө-дарактарды үшүктөн сактайт. Колдон келсе түтөткү канчалык көп саат түтөп турса, ошончолук жакшы. Жок дегенде 2-4 саат түтөтүү кажет.