Коронавирус менен күрөшүп жаткан Улуу Британиянын өкмөт башчысынын абалы айтылды

Коронавирус менен күрөшүп жаткан Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон апта башында ооруканага жаткырылган. Анын дене табы жогору болуп, жөтөлү кетпей жаткандыктан, Жонсонду дарылап жаткан дарыгердин сунушу менен ал ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк Борис Жонсон жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулганы, анын абалы оорлошкону айтылган.

Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, 9-апрелде Борис Жонсон интенсивдүү дарылануудан чыгып, палатага которулду. Учурда анын абалы жакшы экени айтылат маалыматта.

Борис Жонсон абалы оорлошкондо өзүнүн кызматтык милдеттерин Улуу Британиянын тышкы иштер министри аткарып туруусун өтүнгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан