Бүгүн, 11-апрелде айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев өлкө аймагында жүрүп жаткан бул тармактагы жумуштар тууралуу маалымат берди.
Чодуев адегенде коронавирус пандемиясы болуп жатканы менен жазгы талаа иштери токтоп калбаганын белгиледи. Бул жылдын түшүмү үчүн 1 миллион 219 миң гектар жер пайдаланылат, бул өткөн жылдан 3 миң гектарга көп. Ошондой эле өлкөдө 78 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар экенин, доллардын кымбаттаганына байланыштуу анын баасы 1-2 сомго жогорулаганын белгиледи.
"Айыл-чарба техникаларынын ремонттору боюнча бир топ иштер алдыга жылган. Бирок тетиктерди табуу оор болуп жатат деген кайрылуулар көп экенин билебиз. Биздин министрликте атайын түз байланыш иштейт: 0701 88 10 08. Ушул номерге көптөгөн дыйкандар чалып жатышат, күнүнө чалгандардын саны 150гө жетет. Техника шаймандарын таппай жаткандар же үрөндөр боюнча маселе болсо, чалса биз аны кайдан тапса болорун абалга жараша айтып беребиз", - деди министр.