Коронавирус чыккандан бери өлкөдө ар кандай окуялар орун алууда. Мындан бир нече күн мурун Бектур Апышев аттуу дарыгер социалдык тармактагы баракчасына аларга дакиден жасалган сапатсыз бет каптар берилип жатканын айтып, аны сүрөтүн жарыялаган. Ал бет каптар дарыгерге жумуштан берилген.
Ал коронавирус чыккандан бери дарыгер катары эки кыйынчылык жөнүндө: медицина кызматкерлери үчүн унаа көйгөйү жана дарыгерлер үчүн кадимки жеке коргонуучу каражаттардын жоктугу жөнүндө жазган. Жеке баракчасына ал транспорт бардык медицина кызматкерлери үчүн бөлүнгөнү тууралуу маалымат толугу менен туура эмес экендигин жана ал өзү жумушка жетүү үчүн күн сайын 22 чакырым жолду жөө басууга мажбур болуп жатканын кабарлаган.
Көп өтпөй дарыгер жетекчиликке чакырылып, анын билдирүүсү жана жеке баракчасы социалдык тармактан жоголуп кеткен. Кийинчерээк дарыгердин бул боюнча кечирим сурап жаткан видеосу социалдык тармактарда пайда болду.
Дарыгердин бул видеосу азыркы тапта жарандар тарабынан кызуу талкууга алынууда. Анда көпчүлүк дарыгерди мажбурлап кечирим суратышканын жазып жатышат. Айрым колдонуучулар дарыгерди колдоо максатында "мен дагы кечирим сурайм" деген видеолорду жүктөсө, айрымдары кечирим сураган кыска билдирүүлөрдү калтырышууда.