Карантин кейиштүү да, кызыктуу да окуялары менен эсте калууда. Адатта той-топурлардан, маданий иш-чаралардан бошобогон шоу, маданият өкүлдөрү карантиндин үчүнчү аптасында макал айтышып, аны чечмелеп берүү эстафетасын башташты. Эстафетаны ырчы, "Жылаңач баатыр" долбоорунун жеңүүчүсү Марс баштап, карантинде убакытты туура ишке пайдаланалы деген оюн айтат. Айтымында, макал айтып, аны чечмелеп берүүгө белгилүү эмес инсандар деле катышса болот.
Макал айтып, чечмелеп берүү эстафетасына актёр, актрисалар, жаш ырчылар, бийчи, алып баруучулар дагы катышкан.