Тажикстан Республикасынын чек арачылары Лейлек районуна караштуу Кулунду айыл аймагындагы Раззаков айылында кеңири басып жүрүшөт деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү саат 15:10до Тажикстандын чек ара өкүлдөрү Кыргыз-Тажик чек ара өкүлдөрүнүн болбой калган жолугушуусунан кайтып келе жатышкан.
"Жолугушууда COVID-19 вирусу тарап кетпөөсүн алдын алуу маселелерин кароо пландаштырылган болчу. Бирок жүйөлүү себептер менен ал жолугушуу 14-апрель саат 15:00гө жылдырылган. Аны Тажикстан Республикасынын Ганчи-Дж Расул тилкеси боюнча чек ара өкүлү өзү баштап келе жаткан. Ошол эле учурда тажик аскер кызматкерлери куралсыз жүрүшкөн. Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлчүлүк аппаратынын жүрүү багыты кыргыз тарап менен алдын ала макулдашылган. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын бардык периметриндеги кырдаал туруктуу", - деп жазылат маалыматта.