Бүгүн, 14-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Жылдыз Мусабекова айыл чарба жумуштарына тоскоолдуктар болуп жатканын айтты.
"Кээ бир постто тургандар бөрк ал десе, баш алганга даяр болуп жатышат. Ансыз деле элдин ачуусу келип жатат. Кудайдын оозунан түшкөнсүп, дөөттөй болуп постто турган жигиттердин мамилеси начар болууда. Керек болсо ур-токмокко алган учурлар болуп жатат", - дейт Мусабекова.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов райондордо, айылдарда коюлган посттор өкмөттүн чечими менен эмес, жергиликтүү бийликтин чечими менен коюлганын эскертти. "Аларга бир нече жолу сунуш айтканбыз. Айыл чарба иштерине тоскоолдук болбосун дегенбиз. Ал тургай биз акимдер аркылуу түшүндүрмө иштерди жүргүзгөнбүз", - деди Боронов.