АКШнын Нью-Йорк шаарындагы ооруканалардын биринде иштеген Александрия Масиас аттуу медайым Фейсбук баракчасына коронавирустун жыйынтыгы аянычтуу болуп жатканы жөнүндө жазган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Александрия Масиас Нью-Йорк шаарындагы ооруканалардын биринде интенсивдүү терапия бөлүмүндө иштейт. Айтымында, ал жаш бейтаптарды караган. "Менин бейтаптарым улгайгандар эмес. Алар жаш, ден соолугу чың, физикалык жактан күчтүү адамдар. Бир бейтап бир учурда 5 жумушта иштечү, вирус аны да алып тынды. Бул вирус адамдарды өлтүрөт. Бейтаптар кези келгенде баары бир каза болушат, биз аларды аман алып калганга гана аракетибизди жумшайбыз", - деген медайым.
Ошондой эле Александрия "Өлүк салынган мүшөктөр эле болбосо, биздин бөлүмдөн бир да бейтап аман кеткен жок" деп коронавирус пандемиясынын канчалык коркунучтуу экенин айтып өткөн.
"Биздин бөлүмгө өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратына кошулуу үчүн бейтаптар келгенде көздөрүнөн канчалык коркуп, ооруп турганын көрүүгө болот. Мен аларга интубациянын (өпкөнү жасалма дем алдыруу үчүн кекиртекке коюлган түтүк) кандай коркунучтуу жактары бар экендигин түшүндүрөм. Алар интубациянын алдынан акыркы жолу үй-бүлөсүнө чалып сүйлөшкөндөрүн да угам..." - деген ал.
Медайым баарынан да каза болгон бейтаптардын телефонуна чакыруу келген учур оор экендигин айткан. "Эң жаманы - каза болгон бейтаптардын телефондорунун шыңгыраганы. Чалган адам үмүт менен жакын адамынын үнүн дагы бир жолу угуп алайын деген ойдо болот да. Бул аябай жаман сезим", - деген Александрия.
Ошондой эле алардын бөлүмүндө тажрыйбалуу медицина кызматкерлери жана медициналык каражаттар жетишсиздигин айткан. "Мен эки жолу жолдошума башка иштей албайм деп айттым, ал болсо учурда ар бир кызматкердин орду чоң деп, мени колдобой койду", - деп жазган медайым.
Александриянын айтымында, эпидемия токтогондо көпчүлүк медицина кызматкерлери психикалык жактан жабыркап, жардамга муктаж болушат.
15-апрелге карата Нью-Йорк шаарында 7 миң 905 бейтап каза болгон.