Бишкекте спирт ичимдигин ичип алып, үч күн бою аялын сабаган шектүү үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык комендантынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн баш коргоо чарасын 12-апрель күнү Октябрь райондук соту карап, үй камагына чыгарган.
Октябрь РИИБине аял киши арыз менен кайрылган. Арызда анын күйөөсү ичимдик ичип алып, 3 күндөн бери сабаганы жазылган. Мындан улам ал күйөөсүнө чара колдонуп берүүнү суранып, милицияга кайрылган. Ал эми шектүү 2015-жылы президенттик аппараттын экономикалык талдоо бөлүмүндө эксперт болуп иштеп, 2019-жылы бул кызматтан бошотулган. Шектүү кармалып, 10-апрелде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.