Акыркы бир суткада Орусиянын 78 аймагынан 3 миң 448 адам коронавирус жуктуруп алып, 34 бейтап каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Бул көрсөткүч Орусияда сутка ичинде инфекцияны жуктуруп алгандардын ичинен жаңы рекорд болуп саналат. Буга чейинки рекорд кечээ, 15-апрелде катталган. Анда 3 миң 388 адам жуктуруп алган.
Сутка ичинде коронавирус жуктуруп алгандардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 370;
Москва облусунда - 467;
Санкт-Петербург шаарында - 154;
Нижегород облусунда 65 адам жана калгандары башка аймактардан.
Акыркы маалыматтар боюнча, Орусиянын 84 аймагынан жалпы 27 миң 938 адам коронавирус жуктуруп алды. 232 адам каза болсо, 2 миң 304 бейтап айыгып чыкты.