реклама
super.kg logo

MegaCom уюлдук оператору карантин маалында үйдө отургандар үчүн 10 гигабайтка чейин интернет тартуулайт

 
Өзүн обочолонтуу − коронавирус илдетине каршы күрөшүүнүн бирден бир шарты. MegaCom компаниясы зарыл себепсиз көчөгө чыкпоону, дарыгерлердин кеп-кеңештерин көз жаздымда калтырбоону өз абоненттеринен суранат. «Альфа Телеком» ЖАК өзгөчө абалдын 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылгандыгына байланыштуу тартипти сактап, үйдө отурган бардык абоненттерине колдоо көрсөтүүнү туура тапты жана «MegaCom менен үйдө бол» акциясын ишке киргизди.

Коронавирус менен күрөшүүнүн сунуштамаларын так аткарып, үйүнөн чыкпай отурган ар бир күнү үчүн бардык абоненттер бонустарга − акысыз гигабайттарга, мүнөттөргө жана SMSтерге ээ болот.

Бонустарды кантип алууга болот?

  • COVID-19 илдетинин алдын алуу боюнча талаптарды аткарып, үйүңүздөн же батириңизден чыкпаңыз;
  • GooglePlay жана AppStore аркылуу MEGA24 тиркемесин жүктөп алыңыз же жаңылаңыз;
  • MegaCom номуруңузду колдонуу менен "Жеке кабинетте" катталыңыз;
  • “Көңүл ачуу” бөлүмүнө кирип, акция жөнүндө баннерди же баскычты басыңыз;
  • Жеке кабинеттен “Бонустарды алуу” дегенди басып, күндө берилүүчү бонустарды алыңыз.
Маанилүү! Өзүн обочолонтуу мөөнөтүнө жараша абоненттерге берилүүчү бонустардын саны күн сайын көбөйөт. Интернеттин акысыз гигабайттарын, мүнөттөрдү жана SMSтерди 7 сутка ичинде (аларды алгандан тарта) колдонууга мүмкүн.

Бонустарды MEGA24 тиркемесинде гана алууга болот. Алар #СУПЕРЫҢГАЙЛУУ түркүмүнүн тарифтик пландарына кошулган MegaCom абоненттери үчүн гана жеткиликтүү.

Бонустарды эсептөө жана алуу шарттары тууралуу маалымат MEGA24 тиркемесинде.

Биз сиздин ден соолугуңузга кам көрөбүз! MegaCom менен ар дайым байланышта болуңуз! Өзүңүздүн жана жакындарыңыздын өмүрүн тобокелге салбаңыз!

*Үйдөн чыкпоо – бул сутка бою сиздин үйүңүздү же батириңизди тейлеген базалык станциянын аракет аймагында болуу.

кошулду


 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(9)
18.04.2020. 00:22 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
248
Катталган:
24-03-2020
Соӊку аракети:
27-05-2020 23:50
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жакшы екен ушуну BeeLineга да кабар берип койгула же MEGACOMго отолу.
18.04.2020. 00:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
259
Катталган:
25-01-2017
Соӊку аракети:
26-05-2020 10:39
Жынысы:
Белгисиз
+8
Megacom бекер гб берип жакшы кылды, О! менен билайн бекер гб берейин деген ою жок. Ошка, билайн силер дагы бекер гб бергиле.
18.04.2020. 03:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
336
Катталган:
25-01-2016
Соӊку аракети:
27-05-2020 16:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Исфана
+9
Билайн менен О! Бекер ГБ берсе астыдагы тушуп калат
18.04.2020. 11:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
457
Катталган:
25-05-2019
Соӊку аракети:
27-05-2020 23:50
Жынысы:
Белгисиз
+7
Usow, туура айтасын. Мегаком колдонуубуз керек озубуздуку тыйыны бюджетке тушот. Билайн Ошка гб бере албайт себеби алар жеке адамдын компаниясы. Гб берсе байлыгы аздап кетет.
19.04.2020. 00:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
65
Катталган:
09-04-2017
Соӊку аракети:
27-05-2020 17:48
Жынысы:
Белгисиз
+1
Samatalibei, Эң туура айттыңыз!!! Ата-мекендик компанияларды колдойлу!!!
18.04.2020. 13:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
778
Катталган:
13-06-2016
Соӊку аракети:
26-05-2020 18:29
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
кыргызстан
+5
Мен ошол Бекер интернет мн кирип жатам
18.04.2020. 17:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
389
Катталган:
24-06-2017
Соӊку аракети:
27-05-2020 22:25
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мегакомго отуш керек экен озу, Мегакомдо связь кучтуу
19.04.2020. 09:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
03-04-2017
Соӊку аракети:
28-05-2020 01:32
Жынысы:
Белгисиз
0
Карантин убагында канти мегаком симкарта сатып алсак болот.Оштон? Билгендер жазып койгулачы
19.04.2020. 13:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
26-01-2012
Соӊку аракети:
26-05-2020 13:58
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Жалган бербей эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
144545;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: