Эмомали Рахмондун уулу Тажик парламентинин спикери болуп шайланды

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын мэри, 32 жаштагы Рустам Эмомали өлкөдөгү 2-адам болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, өлкө башчысынын уулу Тажик парламентинин башчысы болуп дайындалды. Анын талапкерлигин биринчи сессияда парламент колдогон.

Рустам Эмомалинин талапкерлигин жогорку палатанын мүчөсү Низом Косим сунуштаган.

Тажик өлкөсүнүн мыйзамына ылайык, өлкө башчысы көз жумган мезгилде, жаңы президент шайлангыча анын милдеттерин спикер аткарат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
shejol
2020-04-17 20:29:47
Кыргызстанда туулуп калганыма сүйүнөм.Россия,Казакстан,Өзбекстан,тажикистан же Түркмөнстанда болгондо мынчалык бактылуу болбосом керек эле.Ээн эркин кенен жашап жатканыма.Биздин эл алда канча сабаттуу деп айта алам,баардык баскычтарды басып өтүп келетабыз,буйруса баары алдыда.Алга Кыргызстан!
+36
murat17
2020-04-17 20:40:20
жакында Тажикстан эмес Рахмонстан болсо деле тан калбайм
+38
filis
2020-04-17 22:02:36
murat17,
Туптуура.
+11
Belek1710
2020-04-18 00:10:49
filis, Тажи- Рахмон))
+7
TIMON_BERKOWITZ
2020-04-17 20:55:42
Баласына өткөзүп берүүнү каалаган экен да..
+15
Islambek123
2020-04-17 21:01:27
Балам вдруг деген дагы жери бар деген экен да.
+16
nuke-85-85
2020-04-17 21:20:54
Атасы башкарса да баласы башкарса да онуккон мамлекет болуп, башкалардан карыз сурап жалдырабасак, бизге да ошондой бий келсе кааап этпейт элек.
-10
kuttubekuzgen
2020-04-17 21:43:28
nuke-85-85,тыжиктердин карызы деле бизден калышпайт, кытайга жерин деле бериштиго карыздын айынан.
+19
rysik79
2020-04-17 21:43:14
Акайып анан бакыйып анан шопуруп анаан дальше больше деген соз да. Бизден артта тажик туугандар.
+14
Nur777
2020-04-18 00:17:07
Баласы Индийский актёрлорго окшош го)
+6
Farra16gsin
2020-04-18 09:13:03
А эмне Рахмон өлөт бекен жакында оордуна баласы отургудай ?
+5
Asyl_Kg
2020-04-18 12:49:35
Даже биздин чондордун духу жетпей жатат го чек ара маселесинде.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан